Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарынын чемпиону болду

 Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарынын чемпиону болду

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков (60 кг) Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын чемпиону болду!

Спортчу 60 кг салмак даражасында беттешип, финалда Япониялык Аята Сузукини 7:6 эсебинде утту.

Белгилей кетсек, спортчу алгач Тажикистандык балбанды 8:5 эсебинде, чейрек финалда Кореялык балбанды 9:0 эсебинде жеңип жарым финалга чыккан. Ал эми жарым финалда Өзбестандык балбанды 9:0 эсебинде утуп, финалга жолдомо алган.

Связанный пост