Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын ачылышы болду
Бүгүн Жогорку Кеңештин IV сессиясынын ачылышы өттү. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин сессиясын ачык деп жарыялап, өлкөнүн гимни жаңырды.
Эске салсак, КР Конституциясынын 83-беренесине жана Жогорку Кеңештин регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин өткөрүлөт.