Токтогулдун социалдык-экономикалык өнүгүүсү президентке тааныштырылды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Токтогул районунун жана Токтогул шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты.
Мамлекет башчысына 2021-жылдан 2026-жылга чейинки мезгилде райондун экономикалык көрсөткүчтөрү өсүп, инвестициялык активдүүлүк жогорулаганы маалымдалды.
Алсак, 2021-жылы инвестициялардын көлөмү 2 млрд 575 млн сомду, 2022-жылы 3 млрд 120,8 млн сомду түзгөн. 2023-жылы бул көрсөткүч 2 млрд 523,8 млн сомду, ал эми 2024-жылы 2 млрд 48,8 млн сомду түзгөн.
2025-жылы инвестициялардын көлөмү 3 млрд 902,1 млн сомго жеткен. 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча 3 млрд 980,1 млн сом инвестиция тартуу пландалууда.
Белгиленген мезгил аралыгында райондун аймагында 215 жаңы ишкана ачылып, 1 576 жумуш орду түзүлгөн.
Жаңы ачылган ишканалардын жана объектилердин арасында 58 өнөр жай ишканасы, 1 курулуш компаниясы, 9 туристтик объект, 17 айыл чарба ишканасы, 1 логистикалык борбор, 46 коомдук тамактануу жайы, 30 тейлөө чөйрөсүнүн объектиси, 36 соода объектиси, 2 финансылык мекеме жана башка тармактардагы 15 ишкана бар.
Токтогул шаарында инфраструктураны өнүктүрүү, социалдык объектилерди куруу жана жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүү иштери улантылууда.
2026-жылы ири ишканалар жана объектилер пайдаланууга берилди. Алардын катарында 2 бетон заводу, 2 чакан гидроэлектр станциясы (ГЭС) жана туристтик багыты бар балык чарбасы бар.
2021-жылдан 2026-жылга чейинки мезгилде жалпысынан 50 объект пайдаланууга берилген. Алардын ичинде 7 мектеп, 5 бала бакча, 2 маданият үйү, 2 клуб, 2 спорт комплекси, таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча 6 долбоор, 4 административдик имарат, 7 кызматтык үй, 1 стадион жана мини-футбол ойноочу 14 аянтча бар.
Токтогул шаарын өнүктүрүүгө 1,376 млрд сомдон ашык каражат багытталган. Каражат төмөнкү долбоорлорду ишке ашырууга жумшалган: 100 орундуу оорукананын курулушуна — 230 млн сом, балдарды реабилитациялоо борборунун курулушуна — 130 млн сом, 1 000 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушуна — 450 млн сом, узундугу 11 чакырым болгон таза суу менен камсыздоо системасынын курулушуна — 115,9 млн сом, узундугу 16,4 чакырым ички көчөлөрдү асфальттоого — 320,9 млн сом жана 140 орундуу бала бакчанын курулушуна — 130 млн сом.
Бул долбоорлорду ишке ашыруу шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө, медициналык жана билим берүү кызматтарынын сапатын жакшыртууга, тургундарды таза ичүүчү суу менен камсыз кылууга жана жашоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Мындан тышкары, республикалык бюджеттин эсебинен автомобиль жолдорун куруу жана оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Токтогул — Беш-Таш унаа жолунун узундугу 53 чакырымды түзөт. Долбоордун наркы — 1,65 млрд сом.
Үч-Терек — Жетиген унаа жолунун узундугу 6,5 чакырымды түзөт. Долбоордун наркы — 50 млн сом.
Төркөн — Толук унаа жолунун узундугу 7,8 чакырымды түзөт. Долбоордун наркы 28,8 млн сомду түзөт. Үч-Терек — Бууракан автомобиль жолунун узундугу 5 чакырым. Долбоордун наркы — 36 млн сом.
Учурда республикалык бюджеттин эсебинен 3 мектеп, 3 бала бакча, балдар музыкалык мектебинин, 1 спорт комплексинин жана башка объектилердин курулушу жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле балыктарды мыйзамсыз кармоого каршы күрөшүү үчүн кайык сатып алынган.
Белгиленгендей, 2030-жылга чейин Токтогулда бир катар инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу мерчемделүүдө. Алардын ичинде 9 мектеп, 20 бала бакча, 2 оорукана, 5 фельдшердик-акушердик пункт (ФАП), 5 спорт залын куруу, таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча 18 долбоорду ишке ашыруу жана сугат үчүн 11 канал куруу камтылган.
Токтогул шаарында жаңы муниципалдык базарды жана башка объектилерди куруу каралууда.