Жогорку Кеңештин депутаттары социалдык инфраструктураны өнүктүрүү маселелерине көңүл бурушту

 Жогорку Кеңештин депутаттары социалдык инфраструктураны өнүктүрүү маселелерине көңүл бурушту

Бүгүн, 13-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.

Депутат Карим Ханджеза Москва районунун Кепер-Арык айылындагы мектептин жаңы имаратын куруу боюнча протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү.

Ал эми депутат Бакыт Тентишев жыл башында премьер-министр Акылбек Жапаров кытай грантынын эсебинен ОЧК-2 сугат каналын жана Бурулдай суу сактагычын курууну убада кылганын эске салды. «Курулуш иштери 1-мартта башталат деп айтылган, бирок азыркыга чейин эч кандай жумуштар жасалган жок», – деди Б.Тентишев.

Ошондой эле депутат Винера Раимбачаева Баткен облусундагы Тажикстандын куралдуу агрессиясынын натыйжасында талкаланган социалдык объектилерди калыбына келтирүү иштерин тездетүүгө чакырды.

Өз кезегинде депутат Кундузбек Сулайманов Токтогул районундагы Үч-Терек-Өзгөрүш жолуна асфальт төшөө иштерин бүткөрүү маселесин өзгөчө көзөмөлгө алууну сунуштады.

Связанный пост