Жогорку Кеңештин депутаттары ишембиликке катышты

Бүгүн, 20-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар жана парламенттин Аппаратынын кызматкерлери ишембиликке чыкты.

 

Тагыраагы, депутаттар менен кызматкерлер Бишкек шаарында жайгашкан Э.Гареев атындагы ботаникалык бакта ар түрдү дарактардын көчөттөрүн отургузуп, тазалоо иштерин жүргүзүштү.

 

Төрага Нурланбек Шакиев отургузулган көчөттөрдүн көктөп кетиши үчүн мындан ары да камкордукка алуу керектигин айтып: “Жыл сайын көчөттөр тигилип, бирок каралбагандыктан куурап калган учурлар арбын. Андыктан, ар бир көчөткө көңүл буруп өстүрүп, бак-дарак аянттарын көбөйтүшүбүз зарыл”,-деди.

 

Ошондой эле жаз-жай мезгилинде жаратылышка чыгып эс алгандар көбөйөрүн белгилеген Төрага: “Тилекке каршы эс алгандан кийин ар кандай таштандыларды калтырып, кооз табиятка зыян келтиргендер да жок эмес. Натыйжада экология жабыркап, айлана-чөйрөбүз зыянга учуроодо. Буга байланыштуу ар бирибиз жоопкерчиликтүү болуп, табиятка да аяр мамиле кылуубуз кажет”,-деп кошумчалады.

Связанный пост