Жогорку Кеңештин депутаттары аймактарда шайлоочулар менен иш алып барат
Жогорку Кеңештин депутаттары аймактарга барып, шайлоочулар менен иш алып барат.
Парламенттен билдиришкендей, тиешелүү токтомдун долбоору бүгүн, 14-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынды.
Ага ылайык, 2024-жылдын 18-мартынан тартып 20-мартын кошуп алгандагы мезгил жана 25-мартынан тартып 29-мартын кошуп алгандагы мезгил Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөө убактысы деп эсептелет.