Жогорку Кеңеште 2025-жылдын бюджети кабыл алынды

Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026–2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзам долбоорлору каралды.

 

Парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, мыйзам долбоору министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген.

 

Жыйын суроо-жооп форматында өтүп, аталган маселелер боюнча депутаттардын суроолоруна министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери жооп беришти.

 

Алсак, депутат Арсланбек Малиев «капиталдык салымдар» беренеси боюнча каржыланган социалдык объектилердин курулушуна байланышкан маселелерди тактады. Буга Акылбек Жапаров Министрлер кабинети үч жылдык курулуш планын бекиткенин, анын алкагында аймактарда 200гө жакын мектептин курулушу жүрүп жатканын маалымдады.

 

Ал эми депутат Акбөкөн Таштанбеков жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупцияны жоюу зарылдыгын белгилесе, эл өкүлү Улугбек Ормонов Өзгөн районундагы Жазы дарыясынын жээгине дамба куруп, аймактагы айдоо аянттарды көбөйтүү керектигин айтты.

 

Депутат Чолпон Султанбекова Кадамжай районунун Молдо-Нияз айыл өкмөтүндөгү Ак-Тилек айылында жаңы мектеп куруп берүүнү өтүндү. Эл өкүлү Бакыт Тентишев 2025-жылдын планына Бишкек-Кант жолун реконструкциялоо боюнча иштерди киргизүүнү сунуштап, бул каттамдын социалдык-экономикалык маанилүүлүгүн жүйө келтирди.

Депутат Жанарбек Акаев Россиядагы эмгек мигранттардын укуктук абалын жакшыртуу үчүн ыкчам чараларды көрүүгө чакырып, муну менен катар абхаз жана армян каттоочу ысымдуу номердик белгилери менен автоунааларды мыйзамдаштыруу маселесин ортого салды. Эл өкүлү Чингиз Айдарбеков суу ресурстарын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу үчүн суу сактагычтарды жана башка гидробъектилерди куруу зарылдыгына токтолду.

 

Андан тышкары, депутат Гуля Кожокулова Бажы кызматынын бюджетин административдик имараттардын жылытуу системасын которуу үчүн 300 млн сомго көбөйтүүнүн, ошондой эле Салык кызматынын бюджетин 700 млн сомго көбөйтүүнүн максатка ылайыктуулугун көтөрдү. “Бул эмне эң муктаж органдарбы?”, – деген депутат чек арачылардын айлыгын көбөйтүүнү сунуштады.

 

Депутат Эмил Токтошев мамлекеттик орган жетекчилеринин транспорттук жана башка ички чыгымдарын кыскартууну табыштады. Эл өкүлү Султанбай Айжигитов акыркы 3 жылда ИДПнын өсүшү негизинен инфляциянын эсебинен жетишилгенин белгилеп: “Аталган жагдай экономикага жана улуттук коопсуздукка терс таасирин тийгизиши мүмкүн”, – деген пикирин билдирип, бул маселени кылдат иликтөөгө чакырды.

 

Депутат Эрнис Айдаралиев улуттун ден соолугун чыңдоо жана өлкөнүн спорттук потенциалын өнүктүрүү максатында аймактарда спорттук объекттерди куруу зарылдыгын белгилесе, эл өкүлү Бактыбек Чойбеков Талас облусунун өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын максаттуу пайдалануу тууралуу сөз кылды.

 

Өз кезегинде депутат Сеидбек Атамбаев жарандардын, анын ичинен жаш балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн калктуу конуштарда жайгашкан ирригациялык каналдардын боюна тосмолорду орнотууга чакырды.

 

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Связанный пост