Жогорку Кеңештин тармактык комитети 2 министрди кызматка дайындоого макулдук берди

 Жогорку Кеңештин тармактык комитети 2 министрди кызматка дайындоого макулдук берди
Социалдык саясат боюнча комитети Алымкадыр Бейшеналиевди Саламаттык сактоо министри, ал эми Гүлнара Баатырованы Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карап, алардын талапкерлигин жактырды.
КР Президентинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов талапкерлер боюнча маалымат берди.
Жыйында депутат Жылдыз Садырбаева А.Бейшеналиевге кайрылып, Глобалдык фонддун ишмердүүлүгү жана гранттык каражаттардын бөлүштүрүлүшү боюнча маселени козгоду. Депутат Шайлообек Атазов А.Бейшеналиевге козголгон кылмыш ишинин аягы эмне болуп бүткөнүнө кызыкты. Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу А.Бейшеналиев ага козголгон бардык кылмыш иштери боюнча акталганын билдирди.
Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева, депутаттар Аида Исатбек кызы, Ырысбек Атажанов, Медер Алиев А. Бейшеналиевдин министр кызматына дайындалышын колдой турганын билдирип, ишине ийгилик каалашты.

Связанный пост