ЖК төрагасы: Кыргызстан ЖККУга төрагалык кылган мезгилде 5 негизги багытта иш алып барат
Кыргызстан ЖККУга төрагалык кылган мезгил аралыгында беш негизги багытта иш алып барат, – деди Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу учурда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Кеңешинин жыйынында сөз сүйлөп жатып.
Ал өзүнүн баяндамасында бул жыйын парламенттер аралык кызматташтыкты эле өнүктүрүүгө өбөлгө түзбөстөн, мамлекеттер ортосундагы алакаларды чыңдоого да көмөкчү болорун кошумчалады.
“Быйыл ЖККУга Кыргызстан төрагалык кылууда. Ага ылайык, бул мезгил аралыгында чөлкөмдөгү тынчтыкты, туруктуулукту жана өз ара байланышты бекемдөө багытында бир топ иш-чаралар мерчемделген. Айрыкча Кыргызстан ЖККУну жамааттык коопсуздукту камсыз кылуунун башкы институту катары карап, уюмдун бардык мүчөлөрү менен тыгыз иш алып барууга кызыкдарбыз”,– деди төрага.
Ошондой эле заманбап чакырыктар жана коркунучтар күчөгөн азыркы учурда парламенттердин чечимдери мамлекеттердин туруктуулугуна жана бүтүндөй аймактын коопсуздугуна түздөн-түз таасир этерин белгилеген Төрага: “Мүчө мамлекеттердин парламенттеринин ортосундагы тыгыз кызматташтык, мыйзамдарды бирдиктүү стандарттарга келтирүүдө өзгөчө мааниге ээ. Тагыраагы, терроризмге каршы күрөшүү, санариптик коопсуздукту камсыздоо, биокоопсуздук жана чек аралык кылмыштуулукту азайтуу жаатындагы моделдик мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуубуз зарыл. Мындан тышкары, башка эл аралык түзүмдөр менен да парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүбүз керек. Бул жалпы коопсуздук үчүн бирдиктүү мамилелерди түзүүгө жана глобалдык диалогду илгерилетүүгө өбөлгө түзөт”,- деди.
Муну менен катар ал санариптик коопсуздукка өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.
“Анын ичинен киберкоркунучтарга каршы күрөшүү, стратегиялык мааниге ээ инфратүзүмдөрдү коргоо жана жасалма интеллект тармагын укуктук жөнгө салуу маселелери барган сайын актуалдуу болууда. Мындай чакырыктарга карата биргелешип иш алып баруу учур талабы”, – деди төрага.
Өз баяндамасында ЖККУнун ишине жаштарды тартуу зарылчылыгын өзгөчө белгилеген Жогорку Кеңештин төрагасы, анын ичинен Ассамблеянын алкагында жаштар парламенттик платформаларын жана билим берүү программаларын иштеп чыгуу демилгесин көтөрдү.
Ал эми аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты укуктук жактан жөнгө салуу маселеси да маанилүү багыт бойдон кала берерин айткан төрага аталган максатта биргелешкен машыгууларды өткөрүү жана тынчтык орнотуучуларды даярдоо үчүн мыйзамдык шарттарды түзүү жамааттык коопсуздук системасынын ишенимдүүлүгү жана натыйжалуулугу үчүн зарыл экенин баса белгиледи.
Жалпысынан Кыргызстан ЖККУга төрагалык кылган мезгил аралыгында беш негизги багытта иш алып барарын жүйө келтирген Нурланбек Тургунбек уулу аларды учкай тизмектеп өттү.
“Тагыраагы, биз тышкы саясатты бекемдөө, аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү, парламенттик алакаларды арттыруу жана аналитикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жаатында жигердүү иш алып барууну көздөйбүз. Андыктан, коюлган максаттарга жетүү үчүн бардык кесиптештеримди биргелешип иш алып барууга чакырам”, – деди төрага.
Эскерте кетсек, жыйынга Россия Федерациясынын жана Казакстан, Тажикстан жана Беларустун парламенттеринин жетекчилери катышууда.