Жеке ассистенттер айына 6 миң 268 сомду колуна алышат

 Жеке ассистенттер айына 6 миң 268 сомду колуна алышат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жеке ассистенттерге төлөнүүчү акынын өлчөмү тууралуу маалымдайт.

Ведомствонун маалыматы боюнча, “Жеке ассистент” кызматы майыптыгы бар балдарга 2019-жылдан бери көрсөтүлүп келет.

Өткөн жылдын июнь айынан бери бул кызматты 18 жаштан жогору, сырттан дайыма кароого муктаж болгон бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдар пайдалана алышат.

Ошондой эле өткөн жылдан бери төлөмдүн өлчөмү 4 900 сомдон 6 268 сомго чейин көтөрүлгөн.

Ыктыярдуу патент үчүн республикалык бюджеттен 300 сом, ал эми мамлекеттик камсыздандыруу полиси үчүн аймактык коэффициентти эске алуу менен 617 сомдон 980 сомго чейин төлөнөт.

Бүгүнкү күндө 13 624 жеке ассистент төлөмдөрдү алууда.

Связанный пост