1938-жылдагы репрессия курмандыктары эскерилди

Бүгүн, 2-ноябрда Улуттук тарых музейде кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө салым кошкон мамлекеттин көрүнүктүү ишмерлеринин репрессиянын курмандыгын болгондугунун 85 жылдыгына арналган “Тарыхый эс-тутум: 1938-жылдагы репрессия курмандыктары жана анын кесепеттери аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциясы өттү.

 

Конференцияга мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, Жогорку Кеңештин депутаттары Чыңгыз Айдарбеков, Жанар Акаев, Мамлекеттик тил боюнча комиссия төрагасы Каныбек Осмоналиев, “Ата-Бейит” улуттук тарыхый мемориалдык комплексинин жетекчиси Болот Абдрахманов, коомдук ишмер, КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер Роза Айтматова баштаган репрессия курмандыктарынын урпактары, Жогорку окуу жайлардын ректорлору, студенттери, Казакстан, Өзбекстан, Россия, Польша, Каракалпак (айрымдары онлайн) ж.б. алыскы өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты.

 

Алгач катышуучуларга “Ата-Бейит” даректүү тасмасы көрсөтүлдү. Андан соң сөз алып сүйлөгөндөр учурда эскерилип жаткан инсандар кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө, эркин болушуна эмгегин жумшап, эл кызыкчылыгын баарынан өйдө койгонгондугун баса белгилешип, бул боюнча тарыхта орун алган окуяларга токтолушуп, айрымдардын бейнесин ачып сүйлөштү.

 

Андан соң бул жааттагы жарыкка чыккан китептердин бет ачары болду. Тийиштүү темада китеп жазган Зайнидин Курманов, Мамбет Койгелдиев, Айида Кубатова, Жумагул Байдилдеев, Аниса Бикбулатова, Салтанат Асекова ж.б. өңдүү авторлор жазган эмгектери боюнча айтып беришти.

 

Конференциядан соң катышуучулар “Ата-Бейит” улуттук тарыхый мемориалдык комплексинине барышып, кыргыз совет мамлекетүүлүгун түптөгөн белгилүү инсандардын элесине арнап гүл коюшат.

 

Белгилесек, репрессиянын курмандыктары коомдук-саясий ишмерлер, маданий жааттагы мыктылар, экономикалык чарбалык тармакта эмгектенгендер, билим берүү, агартуу тармагын жөнгө салгандар болсо, 30-жылдардын аягында узун тизмеге жарандык согушта жана контрреволюциялык кыймылды жоюуда эрдик көрсөткөн Кызыл армиянын аскер жетекчилери кошулган.

 

Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов баштаган 138 кишинин сөөгү Кыргызстан эгемендик алгандан кийин Бишкектин четиндеги Чоң-Таш айылынан табылып, “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине коюлган.

Связанный пост