Жээнбек Кулубаев БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын башчысы менен жолугушту

 Жээнбек Кулубаев БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын башчысы менен жолугушту

   Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгына кыргыз делегациясынын катышуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын (ТКБ) башчысы Владимир Воронков менен жолугушту.

  Жолугушуунун башында министр Ж.Кулубаев БУУнун БКБ башчысы В.Воронковго кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал тууралуу маалымат берди.

  Ошондой эле, БУУ ТКБ менен өлкөдөгү терроризмге каршы иш-чаралардын долбоордук жана программалык иш-чараларын ишке ашыруу маселелери талкууланды. Тараптар БУУнун Глобалдык антитеррордук стратегиясын ишке ашыруу боюнча Борбордук Азия үчүн жаңыланган Биргелешкен иш-аракеттер планынын кабыл алынганын канааттануу менен белгилешти. Аны ишке ашыруунун алкагында жакында өткөрүлгөн эксперттик консультацияларда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнө БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү жаатындагы долбоорлору жана программалары тууралуу маалымат берилди.

  Сүйлөшүүнүн аягында министр Ж.Кулубаев БУУнун ТКБ башчысы В.Воронковду терроризмге каршы кызматташууну кененирээк талкуулоо үчүн Кыргызстанга ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырды, ошондой эле аймакта Башкармалыктын өкүлүнүн болушун камсыздоону улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Связанный пост