Жалпы республикалык тестирлөөгө 61,4 миң адам катталды
Быйылкы жылы жалпы республикалык тестирлөөгө 61 миң 412 адам катталды. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен тилдер боюнча катталгандардын саны төмөндөгүдөй:
- 35 535 абитуриент тестти кыргыз тилинде тапшырууну тандаган;
- 28 993 абитуриент тестти орус тилинде тапшырууну тандаган.
Өздүк маалыматтарын жибербегендердин саны – 3 104. Толук эмес толтурулган жана тактоону талап кылган арыздардын саны – 675.
Эскерте кетсек, ЖРТга каттоо 17-февралдан 2-апрелге чейин жүргүзүлдү.