Камбар-Ата-2 ГЭСинин кубаттуулугу эки эсеге жогорулайт

 Камбар-Ата-2 ГЭСинин кубаттуулугу эки эсеге жогорулайт

Камбар-Ата-2 ГЭСнин №2 гидроагрегатын ишке киргизүү боюнча иштер активдүү уланууда.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, аталган долбоор электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого багытталган.

Электр станциянын учурдагы орнотулган кубаттуулугу 120 МВтты түзөт. Ал эми №2 гидроагрегатты ишке киргизгенден кийин станциянын жалпы кубаттуулугу 120 МВттан 240 МВтка чейин көбөйөт. Долбоордо коюлган графикке ылайык, №2 гидроагрегатты эксплуатацияга берүү 2029-жылдын башына пландаштырылууда.

“№2 гидроагрегатты ишке киргизүү генерациялоочу кубаттуулуктарды көбөйтүүгө, энергосистеманын туруктуулугун, айрыкча эң жогорку жүктөмдөр учурунда жогорулатууга мүмкүндүк берет”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост