Өлкө боюнча 1-класска 58 725 бала катталды
Өлкө боюнча 1-класска 58 725 бала катталды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин “Мектеп” автоматташтырылган маалыматтык системасынын сайтындагы жаңыланып турган маалыматтан көрүүгө болот.
Жалпысынан 1-класска 192 миң 291 квота берилген. Учурда 133 миң 566 бош орун бар.
Катталган балдардын аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү:
- Бишкек шаарында – 9140;
- Ош облусунда – 12324;
- Жалал-Абад облусунда –4525;
- Чүй облусунда – 6900;
- Баткен облусунда –2351;
- Ысык-Көл облусунда – 4856;
- Нарын облусунда – 2777;
- Ош шаарында – 6141;
- Талас облусунда – 2634.
Белгилей кетсек, балдарды 1-класска онлайн каттоо 1-апрелде башталган. Мында микроучасток (жашаган жер) боюнча катталган балдар кабыл алынууда.
II этап 1-июнда башталат. Анда микроучастокко кирбеген, бирок бош орун бар мектептерге балдар кабыл алынат.