Жалбырак өрттөгөндөргө 23 миң сомго чейин айып салынат

 Жалбырак өрттөгөндөргө 23 миң сомго чейин айып салынат

Кыргызстандыктарга түшкөн жалбырактарды экологияга зыян келтирбестен кантип жок кылуу керектиги жана аларды өрттөгөндөргө кандай айып пул салынары түшүндүрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, көчөлөрдө, короолордо жана талааларда түшкөн жалбырактарды, өсүмдүк калдыктарын өрттөө абаны булгап, адамдын ден соолугуна зыян келтирет. Кычкылтек жетишсиз болгондуктан, жалбырактар толук күйбөй, натыйжада абага зыяндуу заттар жана уулуу газдар бөлүнүп чыгат.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, таштандыларды атайын белгиленбеген жерлерде өрттөөгө тыюу салынган. Мындай мыйзам бузуу жеке турак жайлардын аймагында аныкталса да, тиешелүү чаралар көрүлөт.

Министрлик жалбырактарды өрттөбөй жок кылуунун бир нече экологиялык коопсуз жолун сунуштады. Аларды “Тазалык” муниципалдык ишканасы сыяктуу коммуналдык кызматтарга өткөрүп берүүгө же чуңкур казып, жерге көмүүгө болот. Кийинки жылы аларды жер семирткич катары колдонууга мүмкүнчүлүк бар.

Жалбырак өрттөө фактылары видеого тартылып же экологиялык инспекторлор тарабынан жеринде аныкталышы мүмкүн.

Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, мындай мыйзам бузуу үчүн жеке жактарга 7 миң 500 сом, ал эми юридикалык жактарга 23 миң сомго чейин айып пул салынат.

Связанный пост