Ишкер аялдарды колдоо үчүн 1,13 млрд сомдук кепилдик берилди

 Ишкер аялдарды колдоо үчүн 1,13 млрд сомдук кепилдик берилди

Кепилдик фондунун колдоосу менен Кыргызстандагы аял ишкерлер ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө 16,04 млрд сомдон ашык насыя каражатын тартышты. Бул тууралуу фонддон билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 10 айында аялдардын ишкердигин колдоо үчүн 609 кепилдик берилип, алардын жалпы суммасы 1,13 млрд сомду түзгөн. Анын натыйжасында ишкерлер 4,06 млрд сом насыя каражатын тартууга мүмкүнчүлүк алышкан.

Бул мезгилде аял ишкерлерге берилген кепилдиктер фонд көрсөткөн жалпы кепилдиктердин санынын 37 пайызын, ал эми суммасынын 27 пайызын түзгөн.

Фонд иштей баштагандан тартып 2026-жылдын 25-ноябрына чейин аял ишкерлерге жалпы суммасы 5,03 млрд сомдон ашык 5 миң 478 кепилдик берилген. Анын эсебинен 16,04 млрд сомдон ашык насыя тартылган.

Аял ишкерлер өлкөнүн бардык аймактарында айыл чарба, өнөр жай, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, соода, кызмат көрсөтүү жана экономиканын башка тармактарында иш алып барышат.

Связанный пост