Жалал-Абадда жаңы окуу жылына карата 17 мектеп пайдаланууга берилет

 Жалал-Абадда жаңы окуу жылына карата 17 мектеп пайдаланууга берилет

Жалал-Абад облусу боюнча 2023-жылдын 1-сентябрына карата жалпы 17 мектеп пайдаланууга берилет. Имараттардын басымдуу бөлүгү республикалык бюджеттен каржыланган. Алсак, 12 мектеп өлкө казнасынан, 1 мектеп жергиликтүү бюджеттен, калган 4 мектеп эл аралык фонддордун каржылык көмөгү менен курулган.

Алардан: Аксы районунда 3, Ала-Бука районунда 2, Базар-Коргон районунда 2, Ноокен районунда 2, Сузак районунда 5, Токтогул районунда 2, Тогуз-Торо районундагы 1. Мектеп имараттарын 2023-2024-жаңы окуу жылына карата колдонууга берүү пландалган. Азыркы учурда имараттарды ички жасалгалоо, керектүү жабдыктар менен камсыздоо жумуштары аткарылып жатат.

Облус боюнча жыл аягына чейин жалпы 20 мектеп бүткөрүлөт.

Связанный пост