КМШ оюндарында улуттук курама команда 27 медаль жеңди

4-августта башталган II КМШ оюндары 13-август күнү Беларусиянын борбору Минск шаарында жыйынтыкталды.

Аталган оюндарга жалпы 20 мамлекеттен Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикистан, Азербайжан, Түркменистан, Монголия, Армения, Пакистан, Ливан, Венесуэла, Малайзия, Йемен, Бахрейн, Куба, Оман, Египет, Кувейт, Бириккен Араб Эмираты, Вьетнам, Орусия, Иран мамлекеттеринен 2000 ден ашык спортчу катышты.

 

Мелдештер  Беларус Республикасынын  11 шаарында (Минск, Орша, Брест, Витебск, Гомель, Грондо, Могилев, Борисов, Солигорск, Молодчено, Жлобин шаарларында өтүп, спорттун 20 түрүнөн 1672 комплект медаль ойнотулду.

 

Кыргызстандын курама командасы жалпы 27 медаль (1 алтын, 8 күмүш, 18 коло) жеңип, командалык эсепте 7-орунду ээледи.

Командалык эсепке  алтын медалды кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Нурзат Нуртаева алып келди.

 

Ал эми күмүш медалдарды командалык оюндардан футзал боюнча улуттук курама команда, кыз-келиндер күрөшүнөн Дилназ Сазанова, грек-рим күрөшүнөн Улан Муратбек уулу, бокс боюнча курама командадан Зафарбек Камилов, Алмаз Орозбеков, Мухаммадрасул Закиров, самбодон Кайрат Жусуп уулу жана Жамалбек Асылбек уулу алып келишти.

Связанный пост