Жалал-Абадда 879 үй-бүлө көптөн күткөн батирлерине ээ болду

 Жалал-Абадда 879 үй-бүлө көптөн күткөн батирлерине ээ болду

Жалал-Абад облусунда 879 үй-бүлө көптөн күткөн батирлерине ээ болду. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин 2147 батир Бишкек шаарында тапшырылган болсо, региондордо мындай масштабдагы үй берүү биринчи жолу жүзөгө ашып жатат.

“Бул долбоорлор президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен, президенттин Иш башкармасына караштуу Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу ишке ашырылууда. Жарандарга турак жай шартын түзүү мамлекеттин эң негизги багыттарынын бири болуп калды. Өтө маанилүү бир жагдайды өзүнчө белгилей кетүү зарыл.

Бул турак жайлар курулган жер тилкелери буга чейин ар кандай күмөндүү жолдор менен жеке адамдардын, уюшкан топтордун жана мурдагы мыйзамсыз менчик ээлеринин колунда болгон. Президенттин тапшырмасы менен жана министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин түз кийлигишүүсү жана көзөмөлү алдында бул жерлер мамлекетке кайтарылып берилген.

Так ошол аракеттердин аркасында, бүгүн бул жерде мамлекеттик ипотекалык үйлөр тургузулуп, жүздөгөн үй-бүлөгө жаңы жашоонун эшиги ачылды. Бул кадам – адилеттүүлүктүн, мыйзамдуулуктун жана мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга койгон саясий эрктин көрүнүктүү мисалы”, – деди ал.

Ошондой эле Каныбек Туманбаев белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 60 миңден ашык ипотекалык батирлердин курулушу жүрүп жатат. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда эле 11 204 батир курулууда.

Связанный пост