Жалал-Абад жолунун Сары-Кыр ашуусунда кар көчкүнү тазалоо иштери жүрүүдө

 Жалал-Абад жолунун Сары-Кыр ашуусунда кар көчкүнү тазалоо иштери жүрүүдө
Бүгүн 14 июнь күнү – Жалал-Абад жолунун Сары-Кыр ашуусунда 52 км чейинки аралыгында кар жана жер көчкүнү тазалоо иштери жүрүүдө. Учурда бир тараптуу каттам берилди.
Жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын 18 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иш алып барууда.
Белгилей кетсек, Сары-Кыр ашуусу жыл сайын октябрь айынан майга чейин жабык болот. Учурда жолду кардан жана жер көчкүдөн тазалоо үчүн жеринде автогрейдер, жүктөгүчтөр жана онго чукул кызматкерлер иштеп жатышат.

Связанный пост