Жалал-Абад шаарынын 2024-жылга бюджети 1 млрд сом деп бекитилүүдө
Жалал-Абад шаарынын 2024-жылга бюджети 1 млрд сом деп бектилүү алдында турат. Бул тууралуу шаары мэри Эрнисбек Ормоков жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында билдирди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйында калаа башчысы 2023-жылы жергиликтүү жана республикалык бюджеттен, инвесторлор тарабынан жасалган жумуштар, калктын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүү багытында жүргүзүлгөн иш-аракеттер боюнча отчет берди.
Жыйынга шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары катышты.
Отчет видео түрүндө экран аркылуу көрсөтүлдү. Андан соң шаар мэри 2024-жылы жергиликтүү жана республикалык бюджеттен, облустук өнүктүрүү фонду тарабынан аткарыла турчу жумуштар боюнча маалымат берип, жыйын суроо-жооп иретинде уланды.