Бишкек ЖЭБи штаттык режимде иштеп жатат

 Бишкек ЖЭБи штаттык режимде иштеп жатат

Бүгүн, 9-февралга карата Бишкек ЖЭБи штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу ЖЭБдин башчысы Алпбек Садыров билдирди.

Анын айтымында, учурда ЖЭБдин жалпы активдүү кубаттуулугу 295 МВт түзүп, 9 отказан агрегаты жана 4 турбоагрегат иштеп жатат.

“Бишкекжылуулуктармактары” ишканага өндүрүп берилген суунун температурасы 63 градуска чейин жетүүдө.

“ЖЭБдин кубаттуулугунун төмөндөшүнүн себеби аба ырайынын жылыгандыгына байланыштуу “Бишкекжылуулуктармактыры” канча көлөмдө жылуулук сураса, ЖЭБ ошончо кубаттуулукта иштейт”, – деп кошумчалады ал.

Связанный пост