Жалал-Абад облусундагы сел: Акыркы абал жана кесепеттер

 Жалал-Абад облусундагы сел: Акыркы абал жана кесепеттер

Кечээ, 19-май күнү кечинде Жалал-Абад облусунун бир катар аймактарында нөшөрлүү жамгыр жана мөндүр жаап, натыйжада Ала-Бука, Аксы райондорунда жана Майлуу-Суу шаарында сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, учурда куткаруучулар жана жергиликтүү кызматтар кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө.

Ала-Бука району: Кызыл-Ата айылында 3 турак үйдүн жер төлөсүнө суу кирген, ал эми Жапа-Салды жана Ак-Там айылдарында сел атайын сайлар аркылуу коопсуз өткөн. Кербен — Ала-Бука жолунун 23,8-чакырымындагы көпүрөнү суу жеп кеткен. Сай жайлоосуна кеткен ички чарбалык көпүрөнү жана Достук айылындагы 50 метр жолду суу жеп кеткендиктен, каттам убактылуу токтотулган.

Аксы району: Ак-Жол айыл аймагында жалпы 7 турак үйдүн короосун суу каптаган, анын ичинде Караган-Сай айылында — 3, Жаңы-Жол айылында — 2, Жолборсту айылында — 2. Сыны айылында сел суулары 1 жеңил унааны агызып кеткен. Кичи-Ак-Жол — Жолборсту жолундагы көпүрөнүн бир устунун сел жеп, жол жабылган. Мындан улам жеңил унаа өтө албай калган. Таш-Көмүр — Кара-Жыгач — Кербен унаа жолунун 45 жана 48-чакырымдарын сел каптап, каттам убактылуу жабылган. Кичи-Ак-Жол — Пионер-Лагерь жолун кум-шагыл баскан, каттам бар.

Майлуу-Суу шаары: Саат 22:30 чамасында колоттордон түшкөн сел суулары Ленин көчөсүндөгү унаа жолун каптап, кыймылга тоскоолдук жараткан. Буга байланыштуу ӨКМден 7, Жарандык коргонуудан 10 кызматкер жана мэриядан 1 экскаватор тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлгөн.

Ошондой эле ӨКМ кызматкерлери жана атайын техникалар түнү менен иштеп, Таш-Көмүр — Кара-Жыгач — Кербен жолунун сел баскан тилкелерин бир тараптуу тазалап, ачышты.

Бүгүн, 20-майда Ала-Бука жана Аксы райондорундагы селдин калган кесепеттерин жоюу жана жолдорду толук калыбына келтирүү иштери улантылууда.

Кырсыктан жабыркаган жарандар тууралуу маалымат түшкөн жок.

Связанный пост