Жалал-Абад облусунда психикалык саламаттык борборунун кошумча жаңы имаратынын курулушу башталды

Жалал-Абад облустук психикалык саламаттык борборуна кошумча жаңы имарат куруу иши башталды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борборунан билдиришти.
13-май күнү имараттын пайдубалына капсула салынды. Ага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гулбарчын Таштанбекова, Жалал-Абад облустук психикалык саламаттык борборунун башкы дарыгери Махпурат Умарова, “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү жана Бахрейнден келген даарыгерлердин тобу катышты.
 Жаңы курулуп жаткан имарат бир кабаттан туруп, анда ашкана, бейтаптарга кеңеш берүү бөлмөлөрү жайгашат.
 Курулуш “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып жатат. Имарат ушул жылдын сентябрь айында бүткөрүлөт.
 Эскерте кетсек, аталган психикалык саламаттык борборунда облус боюнча 8 миңге жакын жаран каттоодо туруп, жылына 1000дей бейтап дарыланып чыгат.

Связанный пост