Жалал-Абад облусунда үч айлык ишембилик өтөт

 Жалал-Абад облусунда үч айлык ишембилик өтөт

Жалал-Абад облусунда ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругу менен 2024-жылдын 1-мартынан 1-июнуна чейин бардык район, шаарларда айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү жана жашылдандыруунун үч айлыгы жарыяланды.

 

Ишембиликтерде көчө, аллея, сейил бактарга дарак көчөттөрүн, гүл түрлөрүн эгүү, бак-дарактарды бутоо, актап-сырдоо, санитардык абалын жакшыртуу, арык-каналдарды тазалоо жана жээк бекемдөө иштери аткарылат. Мындан сырткары ири автожол бойлорун абаттоо, көчөлөргө түнкү жарыктандыруу орнотуу, мекеме жана турак жайлардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу жумуштары күчөтүлөт.

 

Анын алкагында облустук мекеме-ишкананын жетекчилери бөлүнгөн район, шаарларда жумуштун жүрүшүн көзөмөлгө алып, үч айлыкты уюшкандыкта өткөрүү боюнча жер-жерлерде атайын штабдар түзүлөт.

Связанный пост