Жакында Жумгалда күнүнө 1 тонна жүндү кайра иштетүүчү завод ишке кирет

Жакында Жумгалда күнүнө 1 тонна жүндү кайра иштетүүчү завод ишке кирет. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасы менен ишке ашырылууда.
Күн мурун президенттин аймактагы өкүлүнүн биринчи орун басары Руслан Сапарбеков ишкананы куруу иштери менен менен таанышып, тездетүүнү тапшырды.
Учурда ишкананын тиешелүү жабдыктары алып келинип, 2025-жылдын август айында ишке берүү мерчемделүүдө. Ал ишке кирсе күнүнө 1 тонна жүндү кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.