Жүрөгүңүздү акысыз текшертиңиз: “Адинай” паркында акция өтөт
Бишкектеги “Адинай” паркында 31-октябрь жана 1-ноябрь күндөрү жүрөк-кан тамыр системасын акысыз текшерүү уюштурулат. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Жүрөк Fest — Жүрөк марафону” иш-чарасынын алкагында каалоочулар кан басымын, кандагы канттын жана холестериндин деңгээлин өлчөтүп, дене салмагынын индексин аныктатып, кардиологдордон кеңеш ала алышат.
Текшерүүдөн өтүү үчүн катталуу талап кылынбайт. Медициналык текшерүү 31-октябрда саат 10:00дөн 16:00гө чейин, ал эми 1-ноябрда саат 08:00дөн 13:00гө чейин жүргүзүлөт.
Ал эми марафондун катышуучулары 3, 5 жана 10 чакырымдык аралыктарды тандай алышат. Катталуу Kassir.kg сайтынын “Спорт” бөлүмүндө жүргүзүлөт.