Депутат мектептердеги көмүрдүн сапатын текшерүүнү сунуштады

 Депутат мектептердеги көмүрдүн сапатын текшерүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев мектептерге жана бала бакчаларга жеткирилген көмүрдүн сапатын текшерип, социалдык объекттердин кышка даярдыгын баалоо үчүн райондук же облустук комиссияларды түзүүнү сунуштады.

Депутаттын айтымында, айрым мектептерге жеткирилген көмүр сапатсыз болуп, жылда мектеп, класстар жакшы жылыбай маселе жаралып келген.

“Бүгүнкү күндө ар кандай подрядчы уюмдар аркылуу алынган көмүрдүн сапаттары кандай? Кээ бир мектеп жетекчилеринен арыздануулар бар. Азыр октябрь айы, эртең эле кыш келет. Алдын ала бир райондук же облустук комиссия түзүп, мектептеги көмүрдүн сапатын текшерип чыгышса жакшы болмок”,- деди ал.

Связанный пост