Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа унаа жолунун 34 чакырымы асфальтталат
Күн мурун транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ош облусуна жумушчу сапары менен барды.
Ведомстводон маалымдашкандай, жумушчу сапарынын алкагында министр Өзгөн – Мырза-Аке – Кар-Кулжа жолундагы курулуш иштеринен кабар алды.
Быйыл аталган жолдун 34 чакырымына капиталдык салымдар беренесинин эсебинен асфальт төшөө пландалууда.
Жеринде подрядчы компаниянын өкүлдөрү менен жолуккан министр Сыргабаев иш ыргагын ыкчамдатуу жана сапатына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө аталган автожолдо графикке ылайык иштер кызуу жүрүп жатат.