Зардалы айылына барчу 6,4 чакырым жолго асфальт төшөлдү
Баткен районунун Кан-Тунук-Суу айылы аркылуу Зардалыга өтүүчү жолдун, быйылкы жылга пландалган 6,4 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери аяктады.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, курулуш иштери республикалык бюджеттен каржыланды.
Жолдун бул тилкесинин оңдолушу алыскы тоолуу айылдардын тургундарынын жол жүрүү шарттарын жакшыртып, каттамды жеңилдетүүгө өбөлгө түздү.