Ысык-Көлдө очогунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталды
Ысык-Көлдө очогунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчо кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 18-декабрда кечки саат 20:46да Кыргызстанда очогунда күчү 4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жердин силкинүүсү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кең-Суу, Эчкили-Таш айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.