Ысык-Көлдө 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду

 Ысык-Көлдө 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 15:36да өлкөнүн Ысык-Көл облусунун аймагында, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду.
Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Подгорный айылында 3,5 балл, Жети-Өгүз, Светлая Поляна, Ырдык, Мундуз, Тилекмат, Кызыл-Суу, Оргочор, Чоң-Кызыл-Суу, айылдарында жана Каракол шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Связанный пост