Ысык-Көлдүн айланасында туристтерди тейлөө борборлорун куруу иштери кызуу жүрүүдө

2023-жылы “Ысык-Көл облусунда туризмди туруктуу өнүктүрүү” 3-компонентинин алкагында Ысык-Көлдүн айланасында туристтерди тейлөө борборлорун куруу үчүн подрядчыны тандоо иштери жүрдү. Бүгүнкү күндө Балыкчы шаарында, Түп, Теплоключенка, Бөкөнбаев, Тосор айылдарында курулуш иштери башталып, бардык объекттерде жумуштар кызуу жүрүп жатат.

Тагыраагы фундамент куюу иштери аяктап, темир тирегичтерди (имараттын каркасы) жана чатырды орнотуу иштери башталды.

2023-жылдын июль жана ноябрь айларында туристтерди тейлөө борборлорунун курулуш жерлеринде долбоор, даттанууларды кароо механизми, аларды кароо тобун жарыялоо боюнча коомдук угуулар өткөрүлдү.

Связанный пост