Чүй облусунун жолдоруна туристтик белгилер орнотулду

Чүй облусунун жолдоруна туристтик белгилер орнотулду. Алар Чоң-Кемин жаратылыш паркына жана Шабдан Баатырдын музейине, Көл-Көгүр көлүнө жана Жантай хандын эстелигине жана башка кызыктуу жерлерге багыт көрсөтөт. Белгилер маалыматтык навигация долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасындагы Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду тарабынан орнотулган.

Бул долбоор боюнча Чүй облусунун Чоң-Кемин өрөөнүндө жалпысынан 9 белги орнотулган. Буга чейин алар Нарын облусунда орнотулган, келечекте республиканын бардык аймактарында пайда болот.

Связанный пост