Ысык-Көл облусунун Корумду айылында “Кыргызстан бермети” Эл аралык мелдеши өтүп жатат

16-июнь күнү Ысык-Көл облусунун Корумду айылында VII Эл аралык “Кыргызстан бермети” спорттук фестивалы старт алды.
Мелдештин алкагында спорттун 21 түрү боюнча: Таэквондо ГТФ, гамма ММА, алыш күрөш, баскетбол, грэпплинг, кунг-фу, пенчак силат, жаа атуу спорту, дзюдо, самбо, кикбоксинг, номад ММА, ордо, таэквондо ВТ, каратэ-до шотокан, тай боксу, мас-рестлинг, таэквондо ИТФ, кичи футбол жана армрестлинг.
Фестивалга жалпы Кыргызстандын аймактарынан, Казакстандан, Өзбекстандан, Индиядан жана Пакистандан келген 1000ден ашык спорту катышууда.
Спорттук фестивалдын алгачкы күнү салтанаттуу ачылыш аземи өтүп, ага спорттогу жогорку жетишкендиктер бөлүмүнүн башчысы Тилекмат Абдырахманов, “Кыргызстан бермети” Эл аралык спорт фестивалынын президети Бекболсун Советбеков, федерация өкүлдөрү жана спортчулар, машыктыруучулар катышты.
Белгилей кетсек, мелдеш 25-июнь күнү жыйынтыкталат.

Связанный пост