Ысык-Көлдө 1400 түк чөп өрттөнүп кетти
![Ысык-Көлдө 1400 түк чөп өрттөнүп кетти](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/08/299230706_438981171607948_2835277056263764494_n-720x560.jpg)
Ысык-Көл облусунун Түп районунда 1400 түк чөп өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 14-августта саат 19:10 чамаларында Түп районунун Жылуу-Булак айылындагы турак үйлөрдүн биринин коросундагы бастырмада жыйналган чөп күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн.
Жерине Түп райондук №34 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып саат 20:00 до чектөөгө алып, 3:03дө толугу менен өчүрүлгөн. Жалпы 72 чарчы метр бастырма жана 1400 түк чөп күйгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.