Ысык-Атада бала бакча мамлекетке кайтарылды
Ысык-Ата районунда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды.
Башкы прокуратурадан билдиришкендей, райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Үч-Эмчек айылында жайгашкан бала бакчанын имараты жана ага тиешелүү болгон жер тилкеси 1992-жылы мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.
“Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында 20 млн сомго бааланган жогоруда аталган бала бакчанын имараты жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды”, – деп айтылат маалыматта.