Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун капиталы $50 млн чейин көбөйтүлдү

 Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун капиталы $50 млн чейин көбөйтүлдү

Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду венгер технологияларын жана жабдууларын колдонуу менен ишке ашырылган долбоорлорду каржылоону улантууда.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, анын жарыяланган уставдык капиталы 50 млн долларга чейин көбөйтүлүп, төлөнгөн капитал 26 млн долларга жетти.

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 15,65 млн долларды түзгөн долбоорлор каржылоого бекитилип, анын дээрлик 12 млн доллары өздөштүрүлгөн.

Фонд негизинен агроөнөр жай комплекси, гидроэнергетика, фармацевтика жана тамак-аш өнөр жайындагы долбоорлорго артыкчылык берип, эки өлкөнүн технологиялык жана инвестициялык кызматташтыгын чыңдоого багытталган долбоорлорду колдоп келет.

Связанный пост