Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Анна Тягунова акыркы сапарга узатылды

 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Анна Тягунова акыркы сапарга узатылды

 Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Анна Куприяновна Тягунованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маркум менен коштошуу зыйнатына Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык аскер комиссариатынын, Ош шаардык ардагерлер союзунун, Ош аскер гарнизонунун өкүлдөрү, ардагердин туугандары жана жакындары катышты.

А.Тягунованын сөөгү Ош шаардык көрүстөнүнө ардактуу түрдө коюлду. Ардагерди эскерүү менен үч жолу ок атылды.

Тягунова Анна Куприяновна 1923-жылы 10-июлда туулган. 1942-жылы Темрюк шаардык аскер комиссариаты тарабынан аскер кызматына чакырылган. 1942-1946-жылдары Украина фронтунун 232- госпиталында аскер медайымы болуп кызмат өтөп, андан кийин үй кожойкеси болгон. Маркум II даражадагы Улуу Ата Мекендик согуш ордени, юбилейлик медалдар менен сыйланган.

Учурда Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 3 ардагери калды.

Связанный пост