“Манас” үчилтиги англис тилине которулду

 “Манас” үчилтиги англис тилине которулду

“Манас” үчилтиги англис тилине которулду. Бул тууралуу А.Осмонов атындагы Улуттук китепканадан билдирди.

Маалыматка ылайык, Мар Байжиевдин хрестоматиялык варианты боюнча “Манас” үчилтигин англис тилине Акылай Байматова которгон, анын бет ачары 9-августта Улуттук китепканада өтөт.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, АКШнын Кыргызстандагы элчиси жана башкалар катышат.

“Китептин ачылышында англис тилинде манас айтылып, чет тилдеринде сценкалар коюлат. Каалоочулар үчүн кирүү акысыз”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост