Улуттук онкологияга жаңы аппараттар келди
Улуттук онкология жана гематология борборуна Япониянын колдоосу менен эки заманбап санариптик маммограф тапшырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Fujifilm AMULET SOPHINITY 2D жана биопсия жүргүзүү функциясы бар Fujifilm AMULET Innovality 3D аппараттары JICA`нын үчүнчү деңгээлдеги ооруканаларга жардам көрсөтүү долбоорунун алкагында берилди.
Жаңы жабдуулар эмчек безинин ооруларын так аныктоого, текшерүүлөрдүн санын көбөйтүүгө жана бейтаптардын кезек күтүү убактысын кыскартууга мүмкүндүк берет.
“Эми борбордо алгачкы жолу маммографиялык көзөмөл астында биопсия жүргүзүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул ыкма ультра үндүү изилдөөдө дайыма эле көрүнбөгөн шектүү аймактардан да ткандардын үлгүсүн алууга шарт түзөт”, – деп айтылат маалыматта.
Жаңы аппараттардын бири томосинтез технологиясы менен жабдылган. Ал эмчек безинин ткандарын катмар-катмар кылып изилдөөгө жана шектүү өзгөрүүлөрдү так баалоого жардам берет.