Бүгүн күн жылуу болот, бирок тоолордо кар көчкү коркунучу бар

 Бүгүн күн жылуу болот, бирок тоолордо кар көчкү коркунучу бар

Бүгүн Кыргызстандын көпчүлүк аймагында ала булут каптап турат. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Абанын температурасы Талас облусунда +16…+21, Чүйдө +18…+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17…+22, Ысык-Көлдө +5…+10, Нарын облусунда +6…+11 градус болот.

Бишкек шаарында абанын температурасы +21…+23, Ош шаарында +20…+22 градуска чейин көтөрүлөт.

Связанный пост