Ошто дээрлик 20 жаңы мектеп салынып жатат
Ош шаарында 20га жакын жаңы мектеп жана кошумча корпус курулууда. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Быйыл президент Садыр Жапаров шаарда 10 жаңы мектептин курулушуна старт берген. Анын ичинде №2 Салижан Жигитов атындагы мектептин жаңы имаратынын курулушуна мамлекет башчысы өзү катышкан.
Мындан тышкары, жергиликтүү бюджеттин эсебинен дагы 7 мектептин кошумча корпусу курулуп, айрымдары пайдаланууга берилди. Калган объектилерде курулуш иштери уланууда.