Учурда өлкөдө азык-түлүк тартыштыгы жок

Учурда өлкөдө азык-түлүк тартыштыгы жок. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө ар бир район жана шаарларда азык-түлүк жарманкелери уюштурулууда. Материалдык резерв фондусунда негизги социалдык мааниге ээ азык-түлүктүн кору бар.
“Азык-түлүккө болгон баалар базар экономикасынын шартында жеке сектор тарабынан коюлат. Өзгөчө кырдаалдар болгондо мамлекет баага кирише алат. Мисалы, эттин баасы жогорулаганда бааны жөнгө салдык. Картошканын баасы жогорулаганда чек араны жапкан жокпуз. Анткени дыйкан картошка өстүрүп пайда табат. Бүгүнкү күндө мониторинг жүргүзүлүп жатат, баа ылдыйлаганы байкалды. Биз бааларды Россия, Казакстанга салыштырып карап жатабыз”, – деди ал.
Ошондой эле комиттетин жыйынында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин төрагасынын орун басары Кыргызстанда азык-түлүктүн 14 түрүнө аптасына эки жолу мониторинг жүргүзүлөрүн айтты.