Galleries

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин төрагасы Тажикстандын өндүрүштүк жайларында болду

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Тажикстандагы расмий сапарынын алкагында өндүрүштүк жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Парламенттен билдиришкендей, алгач төрага шаарды санариптештирүү иштерин жүргүзүп жаткан “Smart City” мамлекеттик унитардык ишканасында болду. Ишкананын жетекчилиги жасалып жаткан жумуштар боюнча кеңири маалымат берип, ишке ашырылып жаткан долбоорлорду тааныштырды. Анын ичинен “Электрондук өкмөт”, “Акылдуу экология”, “Акылдуу үй”, “Санарип экономика” сындуу […]Читать далее

Министрлер кабинети

Туризм тармагы 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында туруктуу өсүш көрсөттү

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча туризм тармагы туруктуу өсүштү көрсөтүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мминистрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында билдирди. Анын айтымында, туризм тармагындагы кошумча дүң нарк 30,1 млрд сомдон ашты, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29%га көп. “Туризм тармагындагы негизги капиталга инвестициянын көлөмү 2,7 […]Читать далее

Коом

“Ата-Бейитте” чек арада курман болгондор эскерилди

“Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуялардын үч жылдыгына арналган эскерүү митинги өттү. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Чек ара кызматынын директору Абдикарим Алимбаев, ошондой эле күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери, ардагерлер жана УКМКнын Чек ара кызматынын […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту

КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселеси талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу да сөз болду. Алгач Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Эмомали Рахмонго Президент Садыр Жапаровдун жолдогон саламын жеткирип: “Эки өлкө башчыларынын эки тараптуу мамлекеттик сапарлары жакын коңшулук жана […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев: 2025-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү 1

Үстүбуздөгү жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү 1 триллион сомдон ашып, 1 триллион 42,1 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында билдирди. Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, жыл башынан бери ИДПнын өсүү темпи 10%дан ашты, бул мамлекеттик саясаттын тууралыгын жана натыйжалуулугун тастыктайт. […]Читать далее

Экономика

Кичи-Кеминге чакан ГЭС куруу долбоору талкууланды

Кичи-Кеминге чакан ГЭС куруу долбоору талкууланды. Бул тууралуу Мамлекеттик өнүктүрүү банкы, «Энергия Будущего» ЖЧКсы жана Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду долбоордун алкагында жолугушуу өткөргөн учурда белгилүү болду. Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун маалыматына ылайык, долбоор Кыргызстандагы энергетика тармагы үчүн стратегиялык мааниге ээ болуп, чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүүгө, электр энергиясынын тартыштыгын жарым-жартылай жоюуга жана аймактын энергетикалык коопсуздугун жогорулатууга көмөкчү болмокчу. Ошондой […]Читать далее

Министрлер кабинети

Кыргызстанда пахта тармагын өнүктүрүүгө басым жасалып, фабрика куруу маселеси талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Кыргызстандын өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңешинин 11-жыйыны болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө “Текстиль Транс” ЖЧКсынын маселелери, ошондой эле “пахта” кластеринин учурдагы көйгөйлөрү жана тармакты андан ары өнүктүрүү үчүн аларды чечүү жолдору каралып талкууланды. Жаңы долбоорлордун арасында пахта […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев архитектура боюнча XVI Ага Хан сыйлыгын тапшыруу аземине

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев архитектура боюнча Ага Хан сыйлыгын тапшыруунун XVI аземине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Салтанатка Кыргызстанга иш сапары менен келген ханзаада Рахим Ага-Хан V катышты. Өз сөзүндө минкаб төрагасы Кыргыз Республикасы үчүн архитектура боюнча Ага Хан сыйлыгын тапшыруу аземи чоң сыймык жана жоопкерчилик экенин белгиледи. “Бул салтанаттуу иш-чарага дүйнөнүн ар кыл мамлекеттеринен […]Читать далее

Аймак

Ошто электр унааларын кубаттоочу станциялар ишке берилди

Ош шаарынын мэриясынын электр унааларын кубаттоочу станциялары ишке берилди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, 20 даана электр унааларын кубаттоочу станция Алымбек датка көчөсүнө орнотулду. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, төрага Болот Баетов жана шаардыктар катышты. Жалпы 30 жабдуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасынын негизинде алып келинген. Калган 10у калаанын башка аймактарына орнотулат. Бул станцияларды […]Читать далее

Президент

Президент Токмокто Ислам академиясын ачты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда Чүй облусунун Токмок шаарында Ислам академиясынын ачылышына катышты. Мамлекет башчысы салтанаттуу иш-чараны ачып жатып, өлкөбүздүн билим берүү жана дин тармагында дагы бир жаңы барак ачылып жатканын баса белгиледи. Ислам академиясы – агартуунун, руханий өсүштүн жана салттуу ислам баалуулуктарына таянуунун символу боло турган мекеме. Садыр Жапаров архивдик булактардагы маалыматтарды келтирүү менен, […]Читать далее