Galleries

Аймак

Аламүдүндөгү Эмгек жана эс алуу лагери мамлекетке кайтарылды

Аламүдүн районунун Полевое айылындагы В.Ленин атындагы жеке дыйкан чарбасынын Эмгек жана эс алуу лагери мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызматкерлери тарабынан Эмгек жана эс алуу лагерин 3,22 га жер тилкеси жана имараты менен бирге жеке менчикке өткөрүп беришкен берилип кеткен. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева Бишкекке келди

Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева баштаган парламенттик делегация Борбордук Азия мамлекеттеринин III Парламенттер аралык форумуна катышуу үчүн Бишкек шаарына учуп келди. Делегацияны «Манас» эл аралык аба майданынан Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Жылдыз Садырбаева тосуп алды. Белгилей кетсек, аталган форумдун негизги максаты – Борбордук Азия мамлекеттеринин парламенттер аралык кызматташтыгын чыңдоо, туруктуу экономикалык […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Нью-Йоркто АКШнын Президентинин Түштүк жана БА боюнча атайын

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда, Нью-Йорк шаарында Америка Кошмо Штаттарынын Президентинин Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Серджио Гор менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Эки тараптуу, ошондой эле көп тараптуу форматтарда, анын ичинде экономикалык өз ара аракеттенүү чөйрөсүндөгү мамилелерди чыңдоо маселелери талкууланды. Мындан тышкары, миграциялык процесстерди көзөмөлдөө маселелери каралды. Сүйлөшүүгө катышкандар аталган багытта конструктивдүү […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Нью-Йоркто Улуу Британиянын мурдагы Премьер-министри Тони Блэр менен

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда, Нью-Йорк шаарында Улуу Британиянын мурдагы Премьер-министри, учурда Глобалдык өзгөрүүлөр институтунун Аткаруучу төрагасы Тони Блэр менен жолугушту. Кыргызстан менен Глобалдык өзгөрүүлөр институтунун ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечеги талкууланды. Президент Тони Блерге Кыргызстандын улуттук келечектүү долбоорлору жөнүндө айтып берди. Бюрократиядан арылуу жаатында өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Президент […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров иш сапары менен Нью-Йоркко барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-юбилейлик сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына (Америка Кошмо Штаттары) келди. Мамлекет башчысынын учагы Джон Кеннеди атындагы эл аралык аэропортко конду. Президент Садыр Жапаровду АКШ Президентинин глобалдык өнөктөштүк маселелери боюнча атайын өкүлү Паоло Замполли жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Эскерте кетсек, […]Читать далее

Министрлер кабинети

МинКаб башчысы ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фондунун президенти менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, өлкөгө биринчи жолу иш сапары менен келген ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фондунун президенти доктор Абдулхамид Аль-Халифа менен жолугушту. Жолугушууда МинКаб башчысы акыркы үч жылда экономиканын өсүү темпи орточо эсеп менен 9,0 %ды, ал эми ушул жылдын 8 айында ИДПнын өсүү темпи 11,0 %ды түзгөнүн, […]Читать далее

Министрлер кабинети

Бакыт Төрөбаев Чүйдөгү тигүү цехинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунда заманбап “KG TEX” тигүү ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Белгилей кетсек, бул тигүү ишканасы быйыл ишке киргизүү планына кирген 134 өнөр жай ишкананын бири, ишкананын расмий ачылышы өлкөнүн Эгемендүүлүк майрамын белгилөөдө болгон. Маалым болгондой, бул ишкананын […]Читать далее

Министрлер кабинети

Данияр Амангелдиев Татарстандын раисинин ант берүү аземине катышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Татарстандын (Россия Федерациясы) раисинин кызматына кайрадан шайланган Рустам Миннихановдун ант берүү аземине катышты. Ошондой эле кыска жолугушуу болуп өтүп, анын жүрүшүндө тараптар өз ара кызматташуунун бардык тармактары боюнча эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин белгилешти. Данияр Амангелдиева Рустам Миннихановду республиканын башчылыгына кайрадан шайланышы менен куттуктап, […]Читать далее

Министрлер кабинети

Экология, климаттын өзгөрүшү жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Экология, климаттын өзгөрүшү жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңешинин биринчи жыйыны болуп өттү. Белгилей кетсек, бул координациялык кеңеш – мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана мекемелердин […]Читать далее

Коом

“Унаа” президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өттү

“Унаа” мамлекеттик мекемеси президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өттү. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаев “Учкун” ААКта номер белгилерине мөөр басуу боюнча жаңы жабдууларды тааныштыруу учурунда билдирди. Албелгилегендей, бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда унаа номерлери чыгарылган эмес, Россиядан алып келинип, Кыргызстанда аларга мөөр гана басылчу. “Президент бардык негизги документтер — паспорттор, айдоочулук күбөлүктөр, техпаспорттор, ошондой […]Читать далее