Galleries

Ден соолук

Улуттук госпиталда балдардын мээсине татаал операциялар ийгиликтүү жасалды

Улуттук госпиталдын базасында мээнин оор кан тамыр ооруларына – аневризма жана артериовеноздук мальформацияга (АВМ) – чалдыккан балдарга жогорку технологиялуу эндоваскулярдык операциялар ийгиликтүү жүргүзүлдү. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, операция Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун жана Улуттук госпиталдын нейрохирургдарынын биргелешкен тобу тарабынан жасалды. Операциялар заманбап ангиографиялык операциялык бөлмөдө, интраоперациялык визуалдаштыруунун эң жаңы ыкмалары колдонулган шартта өттү. […]Читать далее

Коом

Кыргызстан Памирдеги этникалык кыргыздарга жардам жеткирди

Кыргызстан Афганистандын Памир аймагындагы этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, президенттин тапшырмасынын жана министрлер кабинетинин чечиминин алкагында Афганистандын Кичи жана Чоң Памир аймактарында жашаган этникалык кыргыздарды колдоо максатында Эмгек министрлиги тарабынан гуманитардык экспедиция уюштурулду. Экспедиция ийгиликтүү жеткирилип, Бадахшан провинциясынын тургундарына жана Афганистандагы этникалык кыргыздарга медициналык […]Читать далее

Коом

Өлкөдөгү ветлабораториялар эл аралык стандартка толук шайкеш келет

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Ведомстводон маалымдашкандай, ал борбордун химиялык-токсикология жана ветеринардык-санитардык экспертиза бөлүмү, серология бөлүмү жана вирусология бөлүмдөрүн көрүп чыкты. Айрыкча мал чарбачылык продукциясынын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуу, аны экспортко чыгаруу маселелерине […]Читать далее

Аймак

Манас шаарында жаңы «Манас» стелласы ачылды

Бүгүн Манас шаарындагы Аюб-Тоодо «Манас» стеласынын ачылышы болду. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Болотов, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты. Жаңы стеланын бийиктиги 8 метрди […]Читать далее

Аймак

Жалал-Абаддагы Эне жана баланы коргоо борборуна 30 унаа берилди

Бүгүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Алийма Ташиева атындагы Эне жана баланы коргоо борборунун кызматкерлерине 30 кызматтык унаа тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. Иш-чарада Камчыбек Ташиев медицина кызматкерлеринин коомдогу өзгөчө ордуна токтолуп, алардын эмгеги ар дайым урматтоого жана колдоого татыктуу экенин белгиледи. Ал автоунаалар демөөрчүлөрдүн жардамы менен алынганын да кошумчалады. Борбордун кызматкерлери бул колдоону ыраазычылык […]Читать далее

Аймак

Жакында Сузакта 945 батирлүү ипотекалык үйлөр пайдаланууга берилет

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районунун Винсовхоз айылында курулуп жаткан мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты. Атайын кызматтан билдиришкендей, учурда “Асман-4” турак жай комплексинин курулуш иштери 93 пайызга аяктап, сапат жана коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда. Камчыбек Ташиев курулушту сапаттуу жана өз убагында бүткөрүү маанилүү экенин баса […]Читать далее

Коом

Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанда 14 билим берүү объектисин курат

Күн мурун курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Сауд өнүктүрүү фондунун башкы директору Султан Абдурахман Аль-Маршад менен жолукту. Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуу Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосунда “Мамлекеттик мектептерди куруу” долбоорунун II фазасы боюнча түзүлгөн насыялык келишимдин негизинде уюштурулду. Министр өз сөзүндө Сауд өнүктүрүү фонду менен болгон конструктивдүү жана жемиштүү кызматташуу министрлик […]Читать далее

Министрлер кабинети

Эдил Байсалов япониялык ишкерлер делегациясы менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз-Япон кызматташтык ассоциациясынын төрагасы Синдзи Тарутоко баштаган Япониянын бизнес-лидерлеринин делегациясы менен жолугушту. Маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн, анын ичинде билим берүү, саламаттыкты сактоо, эмгек миграциясы жана санариптик технологиялар тармактарын талкуулашты. Эдил Байсалов кыргыз-жапон мамилелерин чыңдоого багытталган демилгелерди колдогону үчүн жапон тарапка ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров: КМШ өлкөлөрүндө экономикалык көрсөткүчтөрдүн туруктуу өсүшү байкалууда

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда, Тажикстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Душанбе шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Шериктештиктин мейкиндигинде өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана кеңейтүү боюнча көрүлгөн олуттуу иштерди белгиледи. Ал ошондой эле Шериктештик мамлекеттериндеги социалдык-экономикалык абалды чыңдоого көңүл буруп, бул прогресс негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн […]Читать далее

Экономика

Брюсселде Камбар-Ата-1 ГЭСин каржылоого 2,4 млрд доллар бөлүү макулдашылды

9-10-октябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев Бельгиянын Брюссель шаарында “Global Gateway” форумуна катышты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Форумдун алкагында министр эл аралык каржы уюмдары, Казакстандын энергетика министри Е.Аккенженов жана Өзбекстандын энергетика министри Ж.Мирзамахмудов менен жолугушууларды өткөрүп, “Камбар-Ата-1 ГЭС” долбоорун ишке ашырууну талкуулашты. Жолугушууда Европа биримдиги кылым долбоору Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун ишке ашырылышын жана курулушун колдоорун билдирди. […]Читать далее