Galleries

Коом

Бишкекте окуучуларга коркутуу болуп, үч мектеп курчоого алынды

Мессенжерлердин биринде бир эркек кишинин борбор калаадагы мектеп окуучуларын коркутуп жаткан видеосу тараган. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул факт каттоого алынып, анын негизинде териштирүү иштери башталган. Белгиленгендей, Киберкоопсуздук бөлүмүнүн кызматкерлери видеого түшкөн адамдын ким экенин жана анын кайда жүргөнүн аныктоо боюнча ыкчам иш-чараларды жүргүзүп жатышат. Азыркы учурда №6, №61 […]Читать далее

Шайлоо

Россиянын 31 шаарында 40 шайлоо тилкеси ачылат

Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Булаев баштаган жетекчилери менен жолукту. Элчиликтен билдиришкендей, жолугушууда Россиянын аймагында Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруу маселелери талкууланды. Жолугушууда элчи Бөкөнтаев Россиянын 31 шаарында 40 шайлоо участкасын ачуу боюнча уюштуруу маселелерин талкуулады. Ошондой эле РФ Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилиги тарабынан уюштурулган видеоконференция […]Читать далее

Саясат

Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгынын учурдагы абалы талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө соода-экономикалык, энергетика жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы деңгээлине дагы токтолушту. Данияр Амангелдиев менен Сергей Вакунов кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын Бишкекте өтө турган кезектеги жыйынына кылдат […]Читать далее

Экология

Бишкек ЖЭБинде түтүндү тазалоо системасы ишке кирди

Бишкек шаарындагы ЖЭБде атмосферага бөлүнгөн күкүрт диоксидин (SO₂) кыйла азайтууга багытталган заманбап экологиялык жабдуу — күкүрт тазалоо системасы ишке киргизилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти Маалыматка караганда, модернизацияланган энергия блокторундагы күкүрт тазалоо жабдуусу 2019-жылга чейин Кытайдын TBEA компаниясынын адистеринин көзөмөлүндө иштеп келген. Кийинчерээк квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигинен жана гипс камтыган шламды сатып алуучулардын жоктугунан улам система токтотулган. […]Читать далее

Тышкы саясат

Бишкекте Борбор Азия жана Индияда коопсуздукту чыңдоо маселеси талкууланды

Бүгүн Бишкек шаарында Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотовдун төрагалыгы алдында Борбор Азия жана Индия форматындагы коопсуздук кеңештеринин катчыларынын/улуттук коопсуздук боюнча кеңешчинин үчүнчү жолугушуусу өттү. Бул көп тараптуу формат тынчтыктын жана туруктуулукту чыңдоонун кызыкчылыгында кеңири аймактык өз ара аракеттенүүнүн уландысы болуп саналат, ошондой эле коопсуздуктун негизги маселелери боюнча пикир алмашуу үчүн уникалдуу аянтча катары кызмат кылат. […]Читать далее

Аймак

Ошто кытайлык дарыгерлер бейтаптардын көзүнө акысыз операция жасоодо

Ошто Кытайдан келген дарыгерлер бейтаптардын көзүнө акысыз операция жасоодо. Облустук өкүлчүлүктөн билдиришкендей, операциялар Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында “Экспресс ден соолук – жаркын саякат” долбоорунун алкагында катаракта жана глаукома оорулары менен жабыркаган бейтаптарга жасалып жатат. Долбоорго ылайык, 11-23-октябрь күндөрү 300гө жакын операция жасоо пландалууда. Дагы 50дөй бейтап глаукомасын дарылатат. Бул кытайлык дарыгерлердин Ош облусуна […]Читать далее

Аймак

Оштогу Кең-Сай көмөк чордону айдын аягында ишке берилет

Ош шаарынын Кең-Сай массивинде жайгашкан Кең-Сай көмөк чордону жакын арада пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө аталган көмөк чордонду куруу иштери 95 пайызга аяктады. Ош электр тармактары ишканасы тарабынан көмөк чордондогу жараксыз техникалык жабдыктар алып салынып, 6300 кВА кубаттуулуктагы трансформатор орнотулду. Буга чейин министр Таалайбек Ибраевдин жумушчу сапарынын алкагында […]Читать далее

Президент

Президент БА өлкөлөрүнүн жана Индиянын коопсуздук боюнча өкүлдөрүн кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-октябрда Борбор Азия өлкөлөрүнүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларын жана Индиянын премьер-министринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисин кабыл алды. Жолугушууда аймактык коопсуздукту камсыз кылуу жана актуалдуу коркунучтар менен чакырыктарга каршы туруу маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы учурда чыңалган эл аралык кырдаалда туруктуу өнүгүү үчүн эң ириде, бардык мамлекеттер менен тынч жана достук мамилелерди сактоо абдан […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев соцкызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Бишкектеги Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 100 жылдыгына, Кыргызстандагы кесиптик бирликтер кыймылынын 120 жылдыгына жана Социалдык фонд кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Ал өз сөзүндө өлкөнүн өнүгүүсүн чагылдырган жарандардын бакубаттуулугун, социалдык адилеттүүлүктү, элдин бактылуу келечегин камсыз кылууда үч институттун — […]Читать далее

Министрлер кабинети

Министрлер Кабинетинин Төрагасы “Жамийла” мюзиклине барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, мамлекеттик органдардын жетекчилери менен биргеликте Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлгөн “Жамийла” улуттук мюзиклинин спектаклине катышты. Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде коюлган спектакль классикалык кыргыз адабиятынын заманбап интерпретациясы болуп саналат. “Жамийла” мюзиклинде театрдын, музыканын, бийдин элементтери айкалышып, башкы каармандардын терең сезимдерин жана башынан өткөн окуяларды чагылдырат. Спектакль сүйүү, берилгендик, кыргыз […]Читать далее