УКМК тарабынан Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз жол менен киргизилип жаткан 6-7 тоннадай күрүчтүн партиясы аныкталды. Атайын кызматтан билдиришкендей, Баткен облусундагы Кадамжай районунун аймагында Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандарынан турган уюшкан кылмыштуу топ узак убакыттан бери иш жүргүзүп келген. Алар бажы, салык жана чек ара мыйзамдарын бузуп, Фергана–Чоң-Кара–Кадамжай жолу аркылуу ар кандай товарларды аткезчилик жолу менен өткөрүп турушкан. […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында, Каракол шаарынын таштанды калдыктарын технологиялык жол менен жок кылуучу заводдун курулушуна мезгил кутучасын салуу аземине катышты. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасында экологиялык абалды жакшыртуу жана калктын жашоо сапатын жогорулатуу максатында таштандыларды технологиялык ыкма менен кайра иштетүү аркылуу электр […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев университеттин 100 жылдыгына карата уюштурулган көргөзмө менен таанышты, андан соң юбилейге арналган фильм жана театралдаштырылган пролог көрсөтүлдү. Адылбек Касымалиев өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин […]Читать далее
Бүгүн, 24-октябрда президент Садыр Жапаров жана Binance платформасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркына барышты. Бейформал баарлашуунун жүрүшүндө санариптик технологиялар жана тажрыйбалуу алмашуу жаатында кызматташуу, анын ичинде Кыргызстанда заманбап блокчейн-чечимдерди киргизүү жана эл аралык инвесторлордун катышуусун арттыруу маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы өлкө экономикасын санариптик трансформациялоого өбөлгө түзө турган өнөктөштүк мамилелерди чыңдоонун жана жогорку технологиялык […]Читать далее
Бүгүн Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева “Кытай-Шанхай кызматташтык уюму” инвестициялык форумуна катышты. ТИМден билдиришкендей, форум Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы тарабынан чет өлкөлөрдөгү ишканалардын Кытай ассоциациясы менен биргеликте уюштурулган. Форумга ШКУга мүчө мамлекеттердин элчилери, ШКУнун байкоочу мамлекеттери, ШКУнун диалог боюнча өнөктөштөрү, ошондой эле санариптештирүү, энергетика, айыл чарба, туризм, транспорт, медицина, каржы сектору .тармактарындагы 100дөн ашык кытай […]Читать далее
Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 24-октябрда, Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин экинчи жыйыны болуп өттү. Мамлекет башчысы өз сөзүндө азыркы учурда финансы системаларын санариптештирүү глобалдык өнүгүүнүн негизги багыттарынын бири болуп калганын белгиледи. Барган сайын көп өлкөлөр санариптик валюталарды киргизип, стейблкоиндерди жана токендерди түзүүдө. “Кыргызстан – чөлкөмдөгү виртуалдык активдер […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Дипломатия кызматкерлеринин күнүнө байланыштуу парламенттин аппаратындагы Эл аралык кызматташтык жана протокол бөлүмүнүн, ошондой эле Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кызматкерлерин кабыл алды. Парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, анда төрага кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, Кыргызстандын тышкы саясатын өнүктүрүүдө парламенттик дипломатиянын ролу […]Читать далее
Пекин шаарындагы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) катчылыгында Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева 2025–2026-жылдардагы ШКУдагы Кыргызстандын төрагалыгынын артыкчылыктары боюнча брифинг өткөрдү. КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев, уюмга мүчө мамлекеттердин, байкоочу жана диалог өнөктөш мамлекеттеринин 25тен ашуун элчилери жана жогорку даражалуу дипломаттары, КЭР Тышкы иштер министрлигинин, Кытай ЖМКларынын өкүлдөрү жана башка […]Читать далее
11-22-октябрь күндөрү Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында Кытайдан келген көз дарыгерлери “Экспресс ден соолук — жаркын саякат” долбоорунун алкагында иш алып барышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Долбоордун негизги максаты калкка, өзгөчө катаракта жана глаукома менен жабыркаган бейтаптарга жогорку технологиялык офтальмологиялык жардам көрсөтүү болуп саналат. Эки жуманын ичинде кытайлык адистер тарабынан 317 бейтапка […]Читать далее
Бүгүн өлкөнүн бардык мектептеринде Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлгөнүнүн 80 жылдыгына арналган тематикалык сабактар жана иш-чаралар өткөрүлүүдө. Окуучулар БУУнун тынчтыкты сактоодогу, эл аралык кызматташтыктагы жана адам укуктарын коргоодогу ролун, ошондой эле Кыргызстандын уюмдун ишине кошкон салымын изилдешти. Бишкек шаарындагы Байдылды Сарногоев атындагы №100 орто мектебинде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жана БУУнун Кыргызстандагы туруктуу […]Читать далее